Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Эммануэль Макрон алдыда келе жатат
Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын 50 пайызын саноодо Эммануэль Макрон алдыга чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Макрон 27,6 пайыз добушка ээ болууда. Ал эми анын башкы атаандашы Марин Ле Пенде 23,4 пайыз добуш бар.
Француздар мамлекет башчысын беш жылдык мөөнөткө шайлашат. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири да добуштардын абсолюттук көпчүлүгүн (50 пайыз добуш) албаса, экинчи тур өткөрүлөт. Ал 24-апрелге белгиленген.
Биринчи турда мамлекеттик жогорку кызматка 12 саясатчы ат салышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.