super.kg logo

Казакстан Кыргызстандан жансыз денеси табылган аскери боюнча үн катты

 

Аскерге чакырылган казакстандык жоокер Улыкбек Бердишовдун өлүмүнө механикалык асфиксия себеп болгон - зордук-зомбулуктун белгилери жок. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде Кыргызстандын чек арачылары аскер кызматкеринин буюмдарын табышканын билдиришкен. Туугандары менен бирге аскердегилер дароо ошол жакка жөнөшкөн.

"Тилекке каршы, табылган жансыз дене Улыкбек болуп чыкты. Ал аскага асынып алган. Эмне үчүн Кыргызстандын аймагына барып, эмне үчүн өз жанын кыйганын биз билбейбиз. Дедовщина фактылары аныкталган жок. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Аскердик тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары башталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Бердишовдун сөөгүн жерге берүү үчүн Кызылорда облусуна алып кетишкен. Ал үй-бүлөдө эң улуусу болгон.

Жамбыл облусундагы чек ара бөлүмүндө кызмат өтөгөн Бердишов 2-мартта дайынсыз жоголуп, сөөгү 10-апрелде Кыргызстандын аймагынан табылган. Улыкбектин атасы уулу аскерде жүргөндө эки-үч күн сайын чалып, акча сурап тургандыгын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: