super.kg logo

Чүйдө 19 жаштагы кыз 40 жаштагы жаранды бычактаганга шектелип кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районунда 40 жаштагы жарандын ден соолугуна оор залал келтиргенге шектүү катары 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 11-апрель күнү милиция бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 1982-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Бул маалыматтын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 2003-жылы туулган Т.Н. кармалып, тергөө кызматына жеткирилди", - деп билдиришти облустук милициядан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: