super.kg logo

Володимир Зеленський Түштүк Кореядан буга чейин баш тартканына карабай аскердик жардам сурады

 

Украинанын президенти Володимир Зеленський Корея Республикасынан аскердик жардам көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Украин лидери белгилегендей, Киев учурда ар кандай аскердик технологияларга, анын ичинде учактар ​​менен танктарга муктаж.

"Түштүк Кореяда орусиялык танктар жана ракеталар менен күрөшүүгө мүмкүндүк берүүчү түрдүү аскердик техника бар. Эгер алар бизге жардам берсе, биз ыраазы болобуз", - деген Зеленський депутаттар менен болгон онлайн сүйлөшүүсүндө.

Ошол эле учурда Түштүк Кореянын коргоо министри Со Вук Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Киевди курал менен камсыздоо кыйын экенин айткан.

Эске салсак, Түштүк Корея буга чейин Киевди курал менен камсыздоодон баш тарткан. Анын ордуна Түштүк Корея бийлиги Украинага жалпы баасы 804 миң доллар болгон аптечкаларды, каскаларды, кургак тамактарды, жууркан-төшөктөрдү, чатырларды жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: