super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев депутат Жылдыз Жолдошовага: “Конституция өзбек тилине которулду дейсиңер, парламенттик шайлоодо “Ата Журт” өзбекче гезит чыгарып, махаллада бийледиңер го”

 

Жогорку Кеңеште депутаттар Жылдыз Жолдошова менен Асия Сасыкбаеванын ортосунда пикир келишпестик чыкты. Жолдошова 2010-жылдагы Июнь окуясына “Интербилим” уюмунун тиешеси бар деп айтып, анын жетекчиси Асия Сасыкбаеваны сындады. Асия Сасыкбаева жалган маалымат айтканы үчүн Жолдошовага жооп кайтарып, “Ысык-Көлдөгү ээлеп алган жерлериңди элге кайтарып бер, менин да айтчу сөзүм көп. Бирок коомчулуктун алдында айтуу ыңгайсыз болуп жатат”,- деди. 

Өз учурунда Жолдошова КРнын Конституциясынын өзбек тилине которулганына асылды эле, депутат Өмүрбек Текебаев жообун берди.“Конституция өзбекче жазылды деп жатасыңар. Парламенттик шайлоодо: “Ата Журт” партиясы өзбекче гезит чыгарып, өзбек махаллаларга барып бийледиңер го. Жалганбы? Мына азыр деле Мелис Мырзакматов өзбек тилинде гезит, телеканалдар менен иш жүргүзүп жатат. Мунун эмнеси жаман?”- деди Текебаев. Жолдошова бул маалыматка жооп кайтара алган жок.

Ош окуясын чагымчылдар жасаганын, бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому бар экенин эске салды депутат Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: