“Салам-Алик” клубу волейбол боюнча “Курманжан датканын Кубогу-2013” мелдешин утуп алды
“Салам-Алик” волейбол клубунун кыз-келиндер курама командасы кечээ, 26-ноябрда Курманжан датканын Кубогуна арналган мелдештин жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрда Ош шаарында өткөн мелдеште “Салам-Алик” (Бишкек) командасы “Динамо УВД” (Жалал-Абад) жана “Улар” (Бишкек) командаларын утуп алды. Бул жеңиштер ага чемпиондукту камсыздады.
Бүгүн, 27-ноябрда мелдештин күмүш медалы үчүн “Улар” жана “Алай-Датка” (Ош) командалары беттеш өткөрүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.