super.kg logo
  Спорт  

АКШнын көркөм муз тебүү боюнча 2 жолку чемпиону 16 жашында карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады

 

АКШнын көркөм муз тебүү боюнча 2 жолку чемпиону, 2022-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Алиса Лю 16 жашында карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады. Ал бул тууралуу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыккан.

"Мен көркөм муз тебүүдөн кетип жатканымды билдиргим келет. Мен 5 жашымда коньки тээп баштагам, 11 жылдай муз үстүндө өткөрдүм. Бул убакыт аралыгында жакшысы да, жаманы да көп болду. Мен көптөгөн досторду таптым жана өмүрүмдүн аягына чейин эстеп кала турган көптөгөн жакшы нерселер болду.

Чынын айтсам, мынчалык жетишем деп ойлогон эмесмин. Мен абдан бактылуумун. Коньки тебүү боюнча карьерам ушундай аяктаганына абдан кубанычтамын. Эми бош убактымды үй-бүлөм жана досторум менен өткөрөм, дагы да болсо билим алам. Бирок көркөм муз тебүү мага жашоодо мен күткөндөн да көп нерсени үйрөттү", - деп жазып калтырган.

Белгилей кетсек, Алиса Лю Эл аралык коньки тебүү союзу каржылаган мелдеште төрт жолу секирүүнү ийгиликтүү аяктаган жалгыз америкалык спортчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: