"Түшкө кирбеген акча керек". Украинанын каржы министри өлкөнү эми буттан тургузуу күмөн экенин айтты
Украинанын каржы министри Сергей Марченко британиялык Financial Times гезитине берген маегинде өлкө азыр эң начар каржылык абалда экенин айтып, дүйнөлүк коомчулукту Киевге ондогон миллиард долларга каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырды.
"Биз чоң стрессте турабыз жана эң начар финансылык абалдабыз. Эми өлкөбүздүн аман калышы тууралуу маселе турат", - деген Марченко.
Анын айтымында, Украина айрым чыгымдарын кыскартты, бирок ал дефицитти жаба албайт. Каржы министринин айтымында, Украинадагы кырдаал башталгандан бери жарандык жана аскердик инфраструктурага келтирилген зыян 270 миллиард долларга бааланат.
Сергей Марченко өз кезегинде өнүккөн өлкөлөрдү Украинага жардам берүүгө же арзан пайыз менен насыя берүүгө чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.