super.kg logo

Казакстанда каржы пирамидасына алданып калган аял өзүн өрттөп жиберди (видео)

 

Казакстанда каржы пирамидасына салым кошкон адам Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында өзүн өрттөп жиберди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Нур-Султан шаарында болгон. Анда Mudarabah Capital каржы пирамидасына инвестиция салган Багила Досмаилова аттуу жаран Ички иштер министрлигинин имаратына нааразычылык билдирип чыгып, өзүн өрттөп жиберди. Ал иш жакында жабылганын жарыялап, бул кадамга баруусуна Алматы полициясынын башчысынын орун басары Рустам Абдрахмановду айыптаган.

Багила Досмаилова пирамидага 20 миллион теңге салып, алданып калган. Досмаилова бул ишке шектүү делген каржы пирамиданын уюштуруучулары Мейиржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду жоопко тартууну талап кылган. Алар 3 миллион теңге күрөө коюп бошоп кетишкен.

"Менин өлүмүмө Рустам Абдрахмановду күнөөлөөнү суранам, ал бул иш Казакстандын Ички иштер министрлигине, Нур-Султан шаарына түшүп калбашы үчүн жабууга шашып жатат", - деген Досмаилова.

Ал ошондой эле полицияны соттук-медициналык эксперттерге кысым көрсөтүүдө деп айыптады.






Казакстанда аял өзүн өрттөп жиберди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: