super.kg logo

Баткенде соода борбордон 600 миң сом уурдалды

 

Баткенде соода борбордон 600 миң сом уурдалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Баткен шаарындагы “Асылбек” соода борборунун 32 жаштагы С.С. аттуу сатуучусу 17-мартка караган түнү белгисиз адамдар дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип, 600 миң сомго жакын акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул арыз Баткен ШИИБине Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрө баштаган.

Көп узабай бул кылмышка шектелип Баткен районунун 15 жаштагы Н.К. жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары Бишкек шаарынан кармалган.

“Шектүү өспүрүмдөр жеңил акча табуу максатында уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим-кечелери менен тергөө кызматына өткөрүп берилди. Иш учурунда сотко жиберилди”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: