super.kg logo

Чеченстандан Украинага дагы 300 аскер жөнөп кетти

 

Донбасстагы жана Украинадагы атайын операцияга катышуу үчүн Грозныйдан дагы 300 аскер Украинага жөнөп кетти. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров телеграмм каналына жазды.

"Алардын арасында чечендер гана эмес, Орусиянын башка аймактарынан келген башка улуттардын өкүлдөрү дагы бар. Украинада фашисттик каардуу режимге каршы күрөштүн желеги астында Орусиянын патриотторунун бирикмеси бар. Бул жакшы жаңылык", - деп жазды Кадыров.

"Биздин жоокерлердин маанайы абдан жогору жана Донбасстын калкы үчүн сегиз жылдан бери үрөй учурган бардык кыйынчылыктарга каршы турушат", - деп кошумчалады ал.

5-апрелде Рамзан Кадыров 260тан ашуун украиналык деңиз аскерлери Мариуполдо орус аскерлерине багынып бергенин өзүнүн Телеграм каналына жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: