super.kg logo

Владимир Путин Украинадагы согуш тууралуу: "Башка аргабыз жок болчу" (видео)

 

Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы ишке ашат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Амур облусундагы "Восточный" космодромунун жумушчулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Биз жасап жаткан нерсе бир жагынан адамдарга жардам берүү, адамдарды сактап калуу, экинчиден биз жөн гана Орусиянын өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрүп жатабыз. Албетте, башка аргабыз жок болчу, бул туура чечим", - деди Путин.

Путиндин айтымында, Украинада акыркы учурда улутчулдардын саны көбөйө баштаган.

"Тилекке каршы, неонацизм бизге жакын бир кыйла чоң өлкөнүн жашоосунун фактору болуп калды. Бул күчтөр менен кагылышуу Орусия үчүн сөзсүз болгон", - деди Путин.

Ал ошондой эле Украинадагы атайын операциянын максаттары бар экенин, алардын бири Донбасстагы адамдарга жардам берүү экенин кошумчалады.

Владимир Путин "Восточный" космодромуна Беларусь президенти Александр Лукашенко менен бирге барды.






Владимир Путин Украинадагы согуш боюнча оюн айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: