Америкалык ырчы, актриса Бритни Спирс үчүнчү наристесин күтүүдө
Америкалык ырчы, актриса Бритни Спирс үчүнчү наристесин күтүүдө. Ал мындай жагымдуу жаңылыгы менен өзүнүн Инстаграм баракчасына бөлүштү.
"Мен кош бойлуулукту аныктоочу тест тапшырдым. Эми мен балалуу болом", - деп жазып калтырган ал.
40 жаштагы ырчы эми папарацциге түшүп калбоо үчүн эл алдына көп чыкпай турганын, күн сайын йога менен машыгарын белгиледи.
Айта кетсек, Бритни Спирстин мурунку жолдошу Кевин Федерлайндан 2 уулу бар. Бирок ырчынын психологиялык көйгөйлөрүнөн улам балдар 2008-жылы соттун чечими менен атасы менен жашап калышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.