Футзал: Кыргызстан Иранга ири эсепте утулуп калды
Бүгүн, 12-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия Кубогуна тандап алуу оюнунун алкагында Кыргызстан менен Иран курама командалары беттешип беттеш 8:1 эсебинде Ирандын жеңиши менен аяктады.
Муну менен Кыргыз курамасы "А" тайпасында жалпы 3 упай топтоп, 3-орунга жайгашты.
Кыргыз курамасынан жалгыз голду Максат Алимов киргизди.
Бул тайпада Азия Кубогуна жолдомону Иран менен Түркмөнстан алып кетти.
Белгилей кетсек, бул тандоо туру өлкө тарыхында алгачкы ирет өткөрүлүүдө. Азия Кубогунун финалдык баскычы 2022-жылдын 25-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.