super.kg logo
  Саясат  

Түштүк Кореяда кыргыз жаңгагы көрсөтүлдү

 

Түштүк Кореядагы “Сонсу” районундагы “Е-март” супермаркетинин филиалында кыргыз жаңгагы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, кыргыз жаңгагын түштүк кореялыктарга көрсөтүү кечээ, 26-ноябрда болгон. Ага Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов менен “Е-март” компаниясынын башкы менеджери Че Сон Же катышты. Көргөзмө учурунда Че Сон Же элчиге Кыргызстандан балды, мөмө кактарын, алча жана башка айыл чарба продуктуларын Түштүк Кореяга импорттоо мүмкүнчүлүгүн Кыргызстан өкмөтү карап чыгуусун сунуш кылды. Ошондой эле “Е-март” компаниясынын жетекчиси Кыргызстандан барган азыктардын экологиялык жактан тазалыгына жана арзандыгына токтолуп, кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Азыркы тапта “Е-март” компаниясы жаңгак өндүрүүчүлөр менен келишим түзүп, Кыргызстандан алып кетишүүдө. Компания адегенде кыргыз жаңгагын бул жактан сорттотуп, андан кийин гана Кореяга алпарып атайын баштыктарга салып сатышууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: