super.kg logo

"Мекендештерин тоногон". Орусияда камалган 2 кыргызстандык боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандыктар башка мигранттарга кол салып, тоноп кеткени тууралуу маалымат боюнча Тышкы иштер министрлиги тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин алдын ала маалыматтары боюнча, 11-апрелде Санкт-Петербург шаарынын Выборгский районунда Кыргыз Республикасынын 2 жараны Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) менен каралган кылмыш ишин жасап, бир топ адам менен биргеликте өз мекендештерине каракчылык менен кол салышып, алардын телефондорун жана акчаларын тартып алышкан.

Иштин бардык жагдайларын тактоо жана расмий билдирүү алуу үчүн Орусиядагы кыргыз элчилиги жергиликтүү кук коргоо органдарына суроо-талап жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: