Айнуру Алтыбаева "депутаттардан коркуп, жыйынга катышып жаткан окуучулар залдан чыгып кетишти” дейт
Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева депутаттарды этиканы сактоого чакырды. “Жыйындарда, айрыкча залда студенттер жана окуучулар отурганда эмоцияга алдырбасак. Мына, бүгүнкү жыйында отурган окуучулар коркконунан сыртка чыгып кетишти окшойт”,- деди Алтыбаева.
Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйынга мектеп окуучулары катышып жаткан. Депутат Жылдыз Жолдошованын сөзүнөн кийин башталган айтышуу учурунда аларды уюштуруучулар залдан чыгарышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

