Депутат: "Билим берүү министринин кылып жаткан иштери көпчүлүккө жакпай жатат"
Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов эки министрдин ишин сындады.
"Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Алмаз Исманкуловдун ортосунда болуп жаткан чыр министрликке аброй алып келген жок. Аны колдогон, жактырбагандар дагы бар. Ушул чырды чечип койсок. Ушуга протоколдук тапшырма берүү керек. Иликтөө иштерин жүргүзүп, тез арада калыбына келтирүү шарт.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев келгенде сүйүндүм эле. Бул министрдин кылып жаткан иштери көптөргө жакпай жатат. 12 жылдык окуу кылабыз деп жатат, электрондук каттоолордо кетип жаткан каталар болууда", - дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

