super.kg logo
  Саясат  

"Бул эмне деген реформа?". Депутат 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү боюнча маалымат угуу керектигин айтты

 

Депутат Динара Ашимова 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү боюнча маалымат угуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык окуу демилгеси боюнча кайрылуулар түшүп жатат. Протоколдук тапшырма берели. Бул эмне деген реформа? Алар кантип 12 жыл окутайын деп жатышат?", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов тийиштүү комитетте бул маселени талкуулап, карап чыгып палатага алып чыгуу керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: