super.kg logo

“Кадастрдын” кызматкерлери мыйзамсыз каттоо жүргүзүп, мамлекетке 15,6 миллион сомдук зыян келтиришкен

 

“Кадастрдын” кызматкерлери мыйзамсыз каттоо жүргүзүп, мамлекетке 15,6 миллион сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн алкагында жер тилкесине укук берүүчү документти мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Текшерүүдө аталган филиалдын кызматкерлери кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, жер тилкесине соттук чектөө тургандыгына карабастан мыйзамсыз сатуу-сатып алуу келишимдерди катташкандыгы аныкталды. Ошондой эле алар мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында, эч кандай укук аныктоочу документтердин жоктугуна карабастан, муниципалдык менчиктеги турган жер тилкесине менчик жөнүндө мамлекеттик акт даярдашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө мамлекетке 15 миллион 676 миң сомдук жер тилкеси кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: