super.kg logo

Ысык-Көлдө 70 жаштагы киши 16 жаштагы майып кызды зордуктоого айыпталууда

 

Ысык-Көлдө 70 жаштагы киши жашы жете элек майып кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, Түп районунда 5 айлык боюнда бар 16 жаштагы өспүрүм кыз ооруканага түшүп, операция болгон. Дарыгерлер өспүрүмдүн өзүн сактап калышканы менен ымыркай каза болуп калган. Өспүрүм кыз шал оорусуна чалдыккан, 2-топтогу майып.

“Өспүрүм кыз 70 жаштагы кошунасы зордуктаганын айтып, үйүн көрсөтүп жатканына карабастан, ал адамга иш козголбоптур. Окуя боюнча иш козголгону менен ал адам күбө катары гана өтүп жатыптыр. Ошондой эле Стамбул протоколу боюнча кароо жүргүзүлбөптүр. Милиция кызматкерлери ишти тийиштүү деңгээлде иликтебей жатат”, - дейт Рузиев.

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү адам майып кызды “белек берем” деп алдап үйүнө алып кирип зордуктап жүргөн.

Ошондой эле ал бул иш боюнча акыйкатчыга да кайрылганын билдирди.

“Бул иш боюнча акыйкатчы баш болгон тиешелүү түзүмдөргө кайрылдым. Учурда жооп күтүп жатам. Ысык-Көлдөгү президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарына кайрылдым эле ал атайын ушул иш боюнча жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен жыйналыш өтүп жатат”, - деди укук коргоочу.

Бул окуя боюнча облустук милицияга кайрылганыбызда, тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалганын, иштин чоо-жайы жана шектүү тууралуу маалымат тергөө аяктагандан кийин берилерин айтуу менен чектелишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: