Европанын төрт өлкөсүнүн президенттери Киевге барышат
Европалык төрт саясатчы Украинанын борборуна барууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Литванын президенти Гитанас Науседа, Польшанын президенти Анджей Дуда, Эстониянын президенти Алар Карис жана Латвиянын президенти Эгилс Левитс Украинанын лидери Володимир Зеленський менен жолугушуу үчүн Киевге барат.
"Биз Киевге саясий колдоо жана аскердик жардам көрсөтүү боюнча күчтүү билдирүү менен бара жатабыз. Литва Украинанын эгемендиги жана эркиндиги үчүн күрөшүн колдоону улантат", - деген Литванын президенти Гитанас Науседа.
Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон күтүүсүздөн Киевге барган. Ал Украинага коргонуу үчүн техникаларды жана кемеге каршы ракеталарды берүүгө убада кылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.