super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-апрель: Рок-н-роллдун бүткүл дүйнөлүк күнү

 

Рок-н-роллдун бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын 13-апрелде белгиленет. Бул күндү майрам катары белгилөөгө 1954-жылдын 12-апрелинде Билл Хейли тарабынан жазылган "Rock Around The Clock" ыры түрткү болгон. Аталган ыр жаңы музыкалык багытта өзгөчө орун алып, АКШнын чек арасынан ашып, башка өлкөлөргө тез эле тарап кеткен.

20-кылымдын ортосунда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл тынч жашоого умтулган. Коомчулуктун маанайын ошол кездеги кантри жанрындагы жай жана сентименталдуу музыкалар чагылдырып турган. Ошол эле маалда АКШда ритм-энд-блюз делген катуу жана ритмдүү музыканын да сүйүүчүлөрү болгон. Рок-н-ролл багыты дал ушул эки жанрдын айкалышынан чыккан.

Рок-н-роллдун алгачкы жылдызы катары гитарачы Билл Хейли саналат. Анын аткаруусундагы ритм-энд-блюз, кантри жана көчө сленгинин жанрларындагы аралашмасы ийгиликтүү болгон. Андан соң бул багыттын негизделишине Элвис Пресли да салым кошкон. Анын өзгөчө стилинен көптөгөн жаштар үлгү алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: