super.kg logo

Бишкекте ондогон алдамчылык фактысына шектелип Казак жараны кармалды

 
Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылык кылган деген шек менен 33 жаштагы аялды кармашты. Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүнүн 50дөн ашык фактыга катыштыгы бар экени такталган.
Белгилүү болгондой, 11-апрелде шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда Б.А. жана Ю.А. аттуу жарандар 2021-жылы социалдык тармак аркылуу адамдарды инвестициялык компаниялардын биринин презентациясына чакырып, бардыгына инвестицияланган каражаттан кирешени көбөйтүүгө убада беришкен. Ошондой эле Казакстандан жеңилдетилген шарттарда батир сатып алууга, тагыраагы, батирдин баасынын 7 пайызын төлөп берүү менен 10 жылдык мөөнөткө алууну сунуштаган. Ушундай алдоо жолу менен арыз ээсинен 1 миң 840 доллар өлчөмүндөгү каражатты алып, убадасын аткарбай жүрүшкөн.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 33 жаштагы Б.А. аттуу Казак жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары анын ушул сыяктуу 55 кылмыш ишине катыштыгы бар экени такталды. Ал эми Ю.А. аттуу жаранды кармоо жана анын ишине юридикалык баа берүү боюнча тиешелүү иштер улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.

Милиция кызматкерлери жогорудагы жарандан жабыркагандар болсо маалымдап коюуну өтүнүшөт. Байланыш номерлери: 0(554) 102-164, 0(706) 233-306 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: