super.kg logo
  Спорт  

Казандык “Рубиндин” футболчусу Александр Рязанцев питердик “Зенит” менен келишим түздү

 

Казандык “Рубин” футболдук клубунун оюнчусу Александр Рязанцев питердик клуб “Зенит” менен келишим түздү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлады.

Маалыматка ылайык, Рязанцев казандык клубдун курамында жыл соңуна чейин ойнойт. Андан соң ага башка клубга өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Футболчу “Зениттин” курамында 2014-жылы гана оюнга чыга алат. Питердик клуб менен түзүлгөн келишимдин негизинде ал жылына 2,5 миллион евро маяна алат. 

Эл ичинде айтылып жаткан кептерден улам, 27 жаштагы Рязанцев “Зениттин” көзүрлөрүнүн бири Роман Широковдун ордуна келет. Эске салсак, Роман Широковдун келишими быйыл жазында соңуна чыгат. Клубдун планында аны менен келишимди узартуу жок экени буга чейин маалым болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: