Орусия Мариуполь шаарында Украинанын миңден ашуун аскери багынып бергенин билдирди
Мариуполь шаарында Украинанын миңден ашуун аскери багынып берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мариуполь шаарында украин деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын 1026 жоокери багынып берген.
Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков алардын арасында 162 офицер жана 47 аял бар экенин айткан.
Өз кезегинде Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Мариуполдо украин аскерлери багынып бергени тууралуу маалыматты четке кагып, ал ырастала электигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.