Өзгөндө 4 жашар бала трансформатордун ичине кирип токко урунду
Өзгөндө 4 жашар бала трансформатордун ичине кирип токко урунду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-апрелде Ош облусунун Өзгөн шаарындагы Малабеков көчөсүндө болгон. Анда турак үйдүн жанындагы көмөк чордондун ичине 2018-жылы туулган Т.М. аттуу бала кирип токко урунган. Ал жерге 3 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган баланы “Тез жардам” кызматкерлери ооруканага алып кетишкен. Абалы орто оор.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.