super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-апрель: 1912-жылы "Титаник" кемеси биринчи жана акыркы сапарына аттанган

 

1912-жылы 14-апрелде дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң чоң жана эң кымбат кеме Саутгемптон - Нью-Йорк багыты боюнча өзүнүн алгачкы жана акыркы сапарына чыккан.

Кемелердин падышасы “Титаник” Түштүк Ирландияда мыкты куруучу, инженер, дизайнерлер тарабынан курулган. Лайнердин узундугу 275 метр, салмагы 46 миң тонна болгон. 4 зор мордун ар биринин бийиктигин 11 кабат үй менен салыштырууга болот. Кеменин ылдамдыгы 50 жылкынын кубатына барабар. Өкүнүчтүүсү, адистер кеменин коопсуздугуна караганда анын кооздугу жана ылдамдыгына көбүрөөк көңүл бөлүшкөн. Кеменин бай жүргүнчүлөрү үчүн бассейн, түрк мончолору, спорт залдар, теннис аянтчалары, ресторандар салынган.

Курууга кеткен акчанын жалпы көлөмү азыркы акча менен 100 миллион долларды түзгөн. Кемеде 20 куткаруучу кайык болгон. Бул сан эл аралык стандартка жооп бергени менен кемедеги жүргүнчүлөр үчүн өтө эле аздык кылган. “Титаник” 1912-жылы 14-апрелде айсбергге урунуп, 2 саат 20 мүнөттүн ичинде океан коюнунда жок болгон. Кемедеги 2 миң 227 адамдын ичинен 705 киши гана аман калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: