super.kg logo
  Саясат  

Кожобек Рыспаев, депутат: “Чириген газ түтүктөрүбүздү кызганып, “Кыргызгазды” сатууну саясатташтырып жатабыз”

 

Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгаз” ишканасын сатуу маселеси каралууда. Депутат Кожобек Рыспаев кыргыз тарап макулдашууну ратификациялоону кечиктире берсе, Орусия келишимден баш тартышы мүмкүн экенин айтты. 

“Чириген газ түтүктөрүбүздү кызганып, бул маселени саясатташтырып жатабыз. Туура, тактай турган учурлары бар. Эгер “Кыргызгаз” Орусияга сатылса, кийин Түркмөнстан Орусиядан да арзан газ бере турган болсо, алар менен келишим түзө алабызбы?”- деп Рыспаев “Кыргызгаздын” башчысына кайрылды. Буга “Кыргызгаз” ишканасынын директору Тургунбек Кулмурзаев: “Башка өлкө арзан баада газ беребиз десе, алар менен да келишим түзө берсек болот.  Бул жаатта эч кандай суроо жаралбайт”,- деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: