super.kg logo

Бишкектеги "Айчүрөк" лицейи Кембридждин аккредитациясынан өттү

 

Бишкектеги «Айчүрөк» лицейи – бул кыздар үчүн «чоң мүмкүнчүлүктөрдүн мектеби», мында ар бир окуучу өзүн көп улуттуу үй-бүлөнүн бир бөлүгү катары сезет.

Лицей дайыма билим берүү системасын жакшыртууга, өркүндөтүүгө умтулуп, ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоого басым жасап келет.

Бишкектеги «Айчүрөк» лицейинин Кембридждик билим берүү системасы (Cambridge education) тарабынан аккредитациялангандыгы - бул лицейдеги билим берүүнүн жогорку стандарттарын далилдейт.

Кембридж мектептери CAIE (Cambridge Assessment International Education) дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгү болуп саналат, ал дүйнө жүзү боюнча 160тан ашык өлкөдө 10 000ден ашык мектептерди камтыйт.

Жыл сайын бир миллионго жакын Кембридж мектебинин окуучулары эл аралык стандартта билим алып, Кембридж экзамендерин тапшыруу менен өздөрүнүн келечегине даярданышат. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн алдынкы университеттер жана иш берүүчүлөр Кембридж бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапатын жана компетенттүүлүгүн жогору баалашат. CAIE - окуу планынын, баа берүүнүн, билим берүү кызматтарынын кеңири диапозонун сунуш кылган дүйнөдөгү алдыңкы университет болгон Кембридж университетине таандык жалгыз эл аралык сынак комиссиясы.

Кембридж программалары жана квалификациялары эл аралык билим берүүнүн дүйнөлүк стандартын белгилейт. Алар адистештирилген эксперттер тарабынан түзүлүп, академиялык катуу тартипке негизделген жана билим берүү тармагындагы акыркы изилдөөлөрдү чагылдырат.

Кембридж менен бирге кызматташ болуп иштөөнүн себептеринин бири да жогорудагы айтылган көрсөткүчтөргө байланыштуу болду.

CAIE өзүнө ишенген, жоопкерчиликтүү, ойлонгон, жаңычыл жана азыркы дүйнөдө ийгиликке жетүүгө даяр окуучуларды өстүрөт. Мектеп окуучуларга кандай билим берүү керектигин окуу планын негизинде өз тандоосу боюнча түзө алат.

Ошондой эле бул аккредитация мугалимдерге ар тараптан: басылмаларды чыгарууда, интернет ресурстарда, тренингдерде жана окутуу, квалификацияны жогорулатууда эң жогорку деңгээлдеги колдоо көрсөтүлөрүн билдирет.

Окуучуларга турмушка керектүү көндүмдөрдү берген, алардын мектепте, университетте жана жумушта ийгиликке жетүүсүнө көмөктөшкөн билим уясынын эшигин ачыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: