Каныбек Нарбаев: “Социалдык объектилердин курулушу үчүн 7 миллион 155 миң сом бөлүнгөн”
Бишкекте бүгүн, 27-ноябрдагы маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору мекеменин аткарган иштери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, социалдык объектилердин курулушу үчүн быйыл 7 миллион 155 миң сом бөлүнгөн. “Капиталдык салым” программасынын алкагында 2013-жылы 69 объектти ишке берүү пландалган. Анын ичинде 48 билим берүү, 11 саламаттыкты сактоо, 5 турак жай, 1 бала бакча жана башка дагы 4 объект бар. Бүгүнкү күндө 52 социалдык курулуш бүткөн. Жыл аягына чейин дагы 17 объектти бүтүрүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

