super.kg logo

Бакай Банк спортту колдойт

 

Спорт бул - чындыгында эле аалам! Бүтүндөй планетанын жашоочулары зор толкундануу менен демдерин ичине катып, олимпиадалык оттун тутануусуна көз салышат. Аренада кыргызстандык спортчулар жеңишке жетишсе, Баткендин көгүлтүр белестеринен баштап Ысык-Көлдүн мөңгүлөрүнө чейинки бүтүндөй өлкөбүздүн жашоочулары сүйүнүчтөрү коюндарына батпай кубанышат.

Өлкөбүздүн келечеги үчүн күчтүү экономика эле эмес, өлкөнүн жашоочуларынын ден соолугу дагы олуттуу мааниге ээ экендигин жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан Бакай Банк Улуттук олимпиадалык комитетти колдоону чечти жана бүгүн расмий банк-өнөктөш катары сунушталды.

Кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюу аземи Бакай Банктын имаратында өттү. Кол коюуга комитеттин атынан президент Садыр Мамытов, ал эми банктын атынан башкарманын төрагасынын орун басары Марат Юсупов катышты.

"Азыркы учурду УОК Кыргызстанда дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү, сергек жашоону жайылтуу боюнча көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашырууда" деди Садыр Мамытов. Ошондой эле ал 2024-жылы Парижде өтүүчү оюндарга талаптагыдай сапаттуу даярдануу учурдагы олимпиадалык циклге карата негизги милдет экендигин баса белгиледи. "Бул милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук олимпиадалык комитетке үзөңгүлөштөр, өнөктөштөр керек. Биз “Бакай Банктын” жетекчилигине бизге кол сунгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз", - деди.

Марат Юсупов бул окуя банк үчүн дагы, бүтүндөй өлкө үчүн дагы маанилүү экендигин белгилөө менен төмөнкүлөрдү билдирди.

"Спорт маданияты олуттуу окуялар өткөрүлгөн маалда эле эмес, тынымсыз түрдө ар тараптуу өнүктүрүүгө муктаж. Биздин узак мөөнөткө негизделген кызматташуубуз Кыргыз Республикасында спортту өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деп терең ишенебиз. Биз спортчуларыбыз менен сыймыктанабыз жана алардын олимпиадалык бийиктиктерди багындырууларына тилектешпиз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: