super.kg logo

60 миң сом зыян келтирген. Караколдо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү капчык уурдоого шектелип кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында капчык уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, жабырлануучу 60 миң сом зыянга учураган.

Белгилүү болгондой, 1957-жылы туулган шаар тургуну милицияга кайрылган. Ал Каракол шаарындагы Ак-Ордо дүкөнүнөн столдун үстүндө турган сумкасынан кызыл түстөгү капчыгын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айткан. Анын кесепетинен арыз ээси жалпы 60 миң сом (12 миң 000 сом, 400 доллар, тумар кылып жасалган 100 евро жана майда акчалары болгон) зыян тарткан.

Бул маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Мал уурулук" оперциясы учурунда ИИМдин АБД-ТОР базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда соттолгон 61 жаштагы Каракол шаарынын Б.Б. аттуу тургуну кармалды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип, тергөө иш амалдары улантылууда", - дешет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: