super.kg logo
  Спорт  

Кака: “Жаңы жылга чейин “Милан” үчүн 100-голумду киргизем”

 

Кечээ, 26-ноябрь түнү шотландиялык “Селтик” менен италиялык “Миландын” оюнунда 0:3 эсебинде италиялыктар жеңип чыгышты. Бул оюнда 1 голду өз эсебине жазган бразилиялык Кака:“Жаңы жылга чейин “Милан” үчүн 100-голумду киргизем”,-дейт. Бул тууралуу италиялык басылмалар маалымдады.

Маалыматка ылайык, “Миландын” жарым коргоочусу Кака ушул голун эсепке алганда италиялык клуб үчүн 98-голун киргизди. “Менин эсебимде учурда 98 гол бар. Анын санын 100гө жеткирүүнүн аракетин Жаңы жылга чейинки убакытта көрөм”,- дейт футболчу.

Эске салсак, Кака “Миландык” клубдун курамына  2003-2004-сезонунда келип кошулган. 2009-жылы мадриддик “Реалга” өтүп, 4 жылдан кийин, быйыл эски клубуна кайтып келди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: