super.kg logo

Украинада болуп жаткан согуштук кырдаалдан 20 журналист курман болгону айтылды

 

Орусия-Украина ортосунда болуп жаткан кырдаалдан улам 20га жакын журналист курман болду. Бул тууралуу Ураинанын журналисттер союзунун маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, журналисттер союзу бардык атактуу журналисттердин аты-жөнүн жарыялап, булар Украинанын Башкы прокуратурасы каза болгонун тастыктаган журналисттер гана экенин белгиледи.

Ошондой эле жазылган маалыматка ылайык, дагы бир нече журналист байланышка чыга элек, алардын тагдыры боюнча азырынча так маалымат жок.
Айта кетсек, Украинадагы кырдаал оор бойдон калууда. Дагы деле согуш уланууда.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында атайын аскердик операция жарыялаган. Аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө.
Көптөгөн мамлекеттер Орусия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда. Бириккен улуттар уюмунун акыркы маалыматы боюнча, Украинадан 4,5 миллиондон ашуун жаран чыгып кеткен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: