super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-апрель: Орусиялык ырчы Алла Пугачёва төрөлгөн

 

Легендарлуу ырчы Алла Пугачёва 1949-жылы Москва шаарында төрөлгөн. Бала кезинен эле музыкага шыктуу болуп, өзгөчө ырга жакын болгон. Мектепте окуп жүргөндө бир топ кечелерде ырдаган, бүтүрүүчү катары 1965-жылы бүткүл союздук радионун "Кутман таң" берүүсүнөн "Робот" деген ырды ырдап чыккан. Бул Алланын музыка дүйнөсүнө чындап кирип, эл арасына жаңырган биринчи чыгуусу болгон.

Мындан соң анын музыкага болгон сезими ойгонуп, Михаил Ипполитов-Иванов атындагы Москва мамлекеттик окуу жайын дирижёр-хордук факультетинен билим алган. Көптөгөн майда концерттерде ырдап жүргөн. 1980-жылдары "Рецител" тобу түзүлүп, анын солисти катары бир кыйла ырлары менен эл арасында Алланын карааны алыстан көрүнө баштаган. Бул топ түзүлгөнгө чейин эле анын "Москвичи", "Новый электрон" деген ырлары калың катмарга сиңип, бул ырсыз кечелердин көркү болбой калган.

Ал эми алгачкы ийгиликтери жөнүндө айта турган болсок, 1975-жылы өткөн "Золотой Орфей" фестивалына Алла Пугачёва "Все могут короли" ыры менен катышып, гран-прини жеңип алат. Буга катар 1978-жылы "Сопот-78" деген аталыштагы сынак өткөрүлүп, мында да гран-принин ээси болгон.
Ошондон улам Алла Пугачёва хит ырларды жаратып, атагы алыска тарап, ар кандай сынак, фестивалдарды жеңип, көптөгөн сыйлык, наамдарды багындырып, 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамына арзыган.
15-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: