Мэриядан маалымдашкандай, жолугушууда тараптар шаар турмушу, билим берүү жана илим жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле Будапешт менен Бишкек шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү маселеси талкууланды.
"Өз кезегинде борбор калаанын мэри баарлашуу үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишеним билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Супер-Инфо
super.kg видео


Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Венгриянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.















