super.kg logo

Бишкекте "кыз зордуктоого аракет кылды" деген шек менен эки адам кармалды

 
Бишкекте "24 жана 27 жаштагы кыздарды зордуктоого аракет кылган" деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок шаарынын 24 жаштагы тургуну Т.Айгүл укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өзүн эки адам зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу кайрылган. Ушул эле себеп менен тартип сакчыларына Токмок шаарынын 27 жаштагы тургуну Т.Наргиза да кайрылган.
 Ошол замат шектүүлөрдү кармоого Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери киришип, Токмок шаарынын 22 жаштагы тургуну Б.Исламбек менен 21 жаштагы тургуну Б.Уранды колго түшүрүшкөн. Кармалгандардын үйүн текшерүү учурунда тапанча жана аң уулоодо колдонулуучу мылтык табылган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: