Бишкекте жасалма диплом жасап саткан кылмыштуу топтун мүчөлөру кармалды





Бишкекте жасалма диплом жасап саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Бишкектин Киев көчөсүндөгү офистердин биринде орто жана жогорку билим тууралуу жасалма диплом жасалып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Иликтөө ишинин жүрүшүндө мурда соттолгон 1961-жылы төрөлгөн М. Г. жана 1991-жылы төрөлгөн Ж. З. аттуу адамдар кармалган.
Тинтүү учурунда алардын офисинен атайын орто билим тууралуу 47 диплом жана 38 жасалма мөөр табылган. Арасында ИИМдин да жасалма мөөрү болгон.
Кармалган адамдардын баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.