super.kg logo

Коңшу өлкөлөрдөн бадыраң жана жер семирткич алып кирүүгө аракет кылган аткезчилер кармалды

 

Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн бадыраң жана жер семирткич алып кирүүгө аракет кылган аткезчилер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде Баткен районунун Чоң-Талаа айылында чек ара отряды эки Hyundai Porter унааларын текшерген. Аларды 1987-жылы туулган Б.Э. жана 1992-жылы туулган Г.М.у. аттуу Кыргыз жарандары айдап бара жатышкан. Унааларда тийиштүү документтери жок Тажикстандан алынып келе жаткан жалпы салмагы 2,4 тонна бадыраң болгон.

Ал эми 15-апрель күнү Баткен районунун Ак-Турпак айылында кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде О.А. аттуу 1993-жылы туулган Кыргыз жараны башкарып бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер текшерилген. Ал унаадан дагы тийиштүү документтери жок 2,2 тонна жер семирткич жана 100 коробка шоколад табылган.

Бул эки окуя боюнча тең тийиштүү документтер толтурулуп, иликтөө үчүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: