Чүйдө 24 жаштагы кыз турак үйгө кирип акча жана телефон уурдоого шектелүүдө
Чүй облусунун Москва районунда уурулукка шектелип 24 жаштагы кыз кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, жабырлануучу 100 миң сомдон ашык зыянга учураган.
Башкармалыктан билдиришкендей, 12-апрелде милиция кызматкерине 1957-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнө кирип уюлдук телефондорун, 60 миң сом, 500 доллар акчасын уурдап кеткендигин айткан.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) боюнча катталган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1998-жылы туулган И.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.