ЖМК: Украинадагы согуш жылдын аягына чейин созулушу мүмкүн

Маалыматка ылайык, көптөгөн аткаминерлер журналисттерге сүйлөп жатып, бүгүнкү күндө согуш канчага созуларын так айтуу кыйын экенин баса белгилешти. Ошол эле учурда айрым аткаминерлер Орусиянын президенти Владимир Путиндин түпкү максаты өзгөргөндүгүнүн белгиси жок деген ишенимин билдиришкен. Аскердик жеңилүүгө учурамайынча, ал дипломатиялык жол менен сүйлөшүүнү каалаары күмөн экендигин айтышкан.
Согуш узакка созулат деген түшүнүк Орусия Киевди тездик менен басып алат деп күтүлгөн тирешүүнүн алгачкы күндөрүндөгү баалардан олуттуу чегинүү болуп саналат. Бул Москванын согуш талаасындагы ийгиликсиздигин көрсөтүп турат.
Дагы европалык эки аткаминер Украинанын чыгышындагы салгылашуулар төрт-алты айга созулуп, андан соң туңгуюкка кептелиши мүмкүн деген оюн билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.