super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна жаңы Ак Үй кургандар акысына 16 гектар жер ала турганын айтты

 

“Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан жаңы Ак Үйгө бюджеттен акча коротулбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, жаңы Ак Үйдү кургандарга акы катары президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жер берилет.

“Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың.

Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак Үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот”, - деп жазган мамлекет башчысы.

Ошондой эле Садыр Жапаров 16 гектар жер кыргыз курулушчуларына берилгенин, алар ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү, спорт комплекстерди салышарын да жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 19 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: