super.kg logo

Билл Гейтс: "Окумуштуулар вируска каршы вакцинадан мурун дарыны ойлоп табышканда мынчалык тез жайылмак эмес"

 

"Майкрософт" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс окумуштуулар коронавируска каршы вакцинадан мурун дары-дармекти ойлоп табышканда, илдеттин жайылуусу мынчалык тез болмок эмес деген пикирин билдирди. Бул тууралуу ал америкалык журналдардын биринде жарыялаган макаласында жазды.

Анын айтымында вируска каршы вакцина 100 күндүн ичинде ойлонуп табылса да, аны илдетке чалдыккан массага толугу менен колдонуу көп убакытты алат.

"Биринчиден, вакцинанын таасири бир канча ирет сыноодон өтүшү керек. Экинчиден жаңы вакцинаны ооругандардын баары эле алгысы келбейт. Ага караганда дары-дармек түрүндөгү каражаттар натыйжалуу болмок. Анткени вируска каршы дары-дармек ойлонуп табылганда, дүйнө өлкөлөрүнүн көп бөлүгү вакцинанын бир дозасын алып калышкан болчу.

Адатта дары-дармек чыгаруу ишинин алгачкы баскычы организмден илдеттин генетикалык кодун аныктоодон башталат. Андан соң окумуштуулар көп убакыт бою клиникага чейинки изилдөө иштерин жүргүзөт. Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, дары бейтаптарга карата акырындык менен колдонулуп, эффективдүүлүгү текшерилет жана өлчөмү белгиленет. Дарынын таасири менен дозасы аныкталган соң гана өндүрүшкө киргизүүгө уруксат берилет. Бирок биз биргелешкен компанияларды ачуу менен бул аракетти тездете алабыз. Окумуштууларга дарынын таасирин ылдам аныктоо мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү керек болчу", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: