super.kg logo

"Абал курчуп жатат". Пакистан талибдерди чабуулдарды токтотууга чакырды

 

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы коопсуздук күчтөрүнө кол салуулардын саны кыйла көбөйгөнүн жарыялап, талибдерди аларды токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Пакистан ооган бийликтеринен согушкерлерди токтотууга бир нече жолу кайрылган, бирок андан майнап чыккан эмес. Бейшембиде Түндүк Вазиристандын чек ара аймагында кеминде жети пакистандык аскер набыт болгон.

Мындан улам Пакистандын аба күчтөрүнүн учагы Ооганстандагы Түндүк Вазиристан менен чектеш Хост провинциясына сокку жасагандыгы айтылды. Такталбаган маалыматтарга караганда, 30дан ашуун адам каза болгон.

Бул эки коңшу мамлекеттин ансыз да чыңалган мамилесин ого бетер курчутту.

Өз кезегинде Талибан өкмөтү Пакистанга аба соккулары улана турган болсо, анын кесепети жаман болорун эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: