Рамзан Кадыров: "Зеленський үчүн жакынкы күндөрү баары бүтөт"
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин CNN телеканалына берген маегинде айткан сөздөрүнө комментарий берди.
Зеленський CNN телеканалына берген маегинде Украина он жылдап согушууга даяр экенин айткан. Буга жооп кылып Рамзан Кадыров Володимир Зеленський үчүн жакынкы күндөрү баары бүтөрүн өзүнүн телеграм каналына билдирүү калтырды.
"Мен Зеленськийдин алар он жыл согуша аларын айтканын окудум. Эй, келесоо, сен эмне? Биздин анчалык убактыбыз жок, жакынкы күндөрү сен үчүн баары бүтөт. Менимче сенде шизофрения оорусу бар!", - деди Кадыров аудио билдирүүсүндө.
Буга чейин Кадыров Украинада конкреттүү атайын операция башталганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.