Депутаттар Кыргызстан менен мамиле курууда Өзбекстан газды негизги курал кылып алганын айтышты
“Кыргызстан менен мамиле курууда Өзбекстан жаратылыш газын негизги курал кылып алды”,- деди ЖКнын 27-ноябрдагы жыйынында депутат Азамат Арапбаев. Депутат “Кыргызгазды” Орусияга тез арада сатуу керек деген ойдо. “Бизге газ керекпи же эскирип, чирип калган газ түтүктөрү керекпи? Бул маселеде саясий кызыкчылык жок. Орусия бүт Европага газ берип жатат. Өзбекстан менен мамилебиз мындан ары кандай болорун Кудай билет. Чек ара маселебиз чечилбеген бойдон калууда”,- деди ал.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште “Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

