super.kg logo

Бишкектеги Аламүдүн суусунун жээгинен аял кишинин сөөгү табылды. Шектүү кармалды (фото)

 

Бишкектеги Аламүдүн суусундагы көпүрөнүн астынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 16-апрель күнү болжол менен саат 14:10 чамасында “102” кызматына Жибек жолундагы Аламүдүн суусунда көпүрөнүн алдында аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда окуя болгон жерде азият түспөлүндөгү болжол менен жашы 40-45 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү жаран окуя болгон жерден качып кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.С. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: