Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 10 ай ичинде 6 миллиард 26 миллион долларды түздү
Кыргызстанда 2013-жылы 10 ай ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6 миллиард
26 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрдагы маалымат жыйынында
Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Бажылык ишти уюштуруу боюнча башкы
башкармалыктын башчысы Мирлан Аскар уулу билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Өткөн жылы 10 айдагы бул
көрсөткүч 5 миллиард 544,9 миллион долларды түзгөн.
"Импорттун көлөмү 4 миллиард 760 миллион АКШ доллары болду. Ал эми экспорттун көлөмү 1 миллиард 266 миллион долларга
жетти. 2012-жылга салыштырмалуу тышкы соодадагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 8,7
пайызга өстү",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

