АКШнын жараны "Жөргөмүш адам" тасмасын 292 жолу көрүп рекорд койду
АКШнын Флорида штатынын жашоочусу кинотеатрдан "Жөргөмүш адам: Үйгө жол жок" тасмасын 292 жолу көрүп рекорд койду. Бул тууралуу "Гиннесстин рекорддор китебинин" расмий сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Рамиро Аланис акыркы чыккан "Жөргөмүш адам" тасмасын көрүүгө 720 саат, башкача айтканда 30 күн короткон. Анын айтымында, киного билет алууга 3400 доллар сарптаган.
Ал кинотеатрдан тасманы көрүү учурунда дааратканага чыккан эмес, телефонун да караган эмес. Ошондой эле тасма бүткөндө дароо чыгып кетпей, акырында көрсөткөн титрларды да карап отурган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.